ЖАКтын төрагасынын Жаңы жылга карата куттуктоо сөзү

         Урматтуу кесиптештер жана кадырман  ардагерлер!

         Саналуу сааттардан кийин  көпчүлүктүн көңүлүндө жылуу сезимдер менен сакталып, аруу тилектерибизди  арткан Жаңы 2025-жыл кирип келе жатат. Жаңы жылда ар бир адамдын жан дүйнөсү эң сонун кыялдарга толуп, жаңыланууга, жакшырууга, өнүгүп-өсүүгө умтулат.

Эски жылды жыйынтыктап жатып артка кылчая карап, өткөн жылга сереп салабыз, келечекке жаңы максаттарды белгилейбиз, жетишкен ийгиликтерди андан ары улантып, жакшылыкка үмүт артабыз.  Өтүп бара жаткан жыл  жазык-аткаруу тутуму үчүн ары түйшүктүү, жаңылануунун жолуна багыт алган ийгиликтүү жылдардан болду.

         Жазаларды аткаруу кызматы күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды жоопкерчиликтүү ишке ашыруу менен баардык коюлган тапшырмаларды  аткарып, мамлекеттин ишеничин актай алды.

  Мамлекет башчыбыздын колдоосу менен Жалал-Абад облусунда  заманбап курулуш ченемдерине жана эл аралык стандарттын талаптарына ылайык жаңы №10 түзөтүү мекемеси курулуп, № 16 мекеменин жогоруда аталган талаптардын негизинде реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, ишке кирүү алдында турат.  

Кызматкерлердин  социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, балдар бакчасы оңдолуп-түзөлүп, жаш жеткинчектерди кабыл алуу алдында турса, жылдап кезекте турган жарандардын катарында биздин кызматкерлерибиз да үйлүү болушууда.

 Мындан сырткары, коомдон обочолонтууга алып келбеген альтернативдүү жазык жаза чараларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Санариптик трансформациялоо чөйрөсүндөгү чечимдерди эске алуу менен башкаруу системасы өркүндөтүлүүдө. Материалдык база этабы менен  модернизацияланып,  жазык-аткаруу тутумунун өндүрүш сектору өнүгүүдө.

Урматтуу биздин кадырман ардагерлер, күжүрмөн кесиптештер!  Кирип келе жаткан жаңы жылда жаратканым ар-бириңиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө токчулук, ынтымак, ырыскы жана ар бир үй-бүлө мүчөсүнө ыймандуулукту тартуулоо менен ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү ишибизге ийгиликтерди берсин.

Жаңы жыл жаңылануунун улуу жолуна алып барган,  элибиздин ынтымагы, бейпил турмушу жана өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү үчүн зор милдеттерди ийгиликтүү аткарууга өбөлгө түзгөн, кут даарыган жылдардан болсун. 

 

Урматым менен,

төрага Чынгыз Кожошев.

          

         Жаңы жылыңыздар менен!

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

Аламудунский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №3

Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25

0(550)45-40-05

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1

0312 29-72-21

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Колония-поселения №32

г. Бишкек, ул. Деповская 78

 0312 45-75-32

Колония-поселения №38

г. Кемин, ул. Набережная 1

0(3135)5-00-35

Колония-поселения №45

Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120

 0(3131) 5-12-71

Воспитательная

колония №14

Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1

 0312 45-36-24

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

0312 59-08-14

Следственный

изолятор №50

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3

0312 45-39-82