Бүгүн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан ЖАМКнын № 31 түзөтүү мекемесинин алдындагы «Айкөл» социалдык реабилитациялоо жана адаптациялоо борборунда соттолгондордун зордук-зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча биринчи атамекендик «Алакан» түзөтүү программасынын бет ачары болуп өттү.
«Алакан» реабилитациялык (коррекциялык) программасы – бул Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан иштелип чыккан адистештирилген программа, ал соттолгондорго өзүнүн зордук-зомбулук жүрүм-турумунун себептерин түшүнүүгө, өзүн-өзү башкара билүү жана эмоцияларды башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, конфликттерди конструктивдүү чечүүгө үйрөнүүгө, жеке жоопкерчиликти түшүнүүгө жардам берет.
ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары К.Садыков белгилегендей, «Алакан» программасы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын адистеринин ишинин натыйжасы болуп саналат, алар ийгиликтүү чет элдик тажрыйбаларды эске алуу менен зордук-зомбулукка ыктаган соттолгондор менен иштөөнүн натыйжалуу инструментин түзүүгө умтулушкан. Бул программа эркиндигинен ажыратуу жайларындагы уюшкан кылмыштуу топтор менен ийгиликтүү күрөшүүнүн фонунда киргизилүүдө, алар мурда соттолгондордун реабилитациялык программаларга катышуусуна тоскоолдук кылып келген. Өлкө жетекчилигинин саясий эркинин аркасында, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана башка укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттери менен бүгүнкү күндө бул топтор зыянсыздандырылды, эми биз соттолгондорду түзөтүүгө жана социалдаштырууга, реабилитациялоонун натыйжалуу программаларын киргизүүгө көбүрөөк көңүл бура алабыз жана көңүл бурушубуз керек.
Кыйноолордун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук Борборунун директору Б. Касымкулов ЖАМКнын демилгеси менен иштелип чыккан «Алакан» программасы соттолгондордун оңолуу жолуна түшүүсүнө жана коомчулукка кошулуусуна жакшы шарт түзөөрүнө ишеним артаарын билдирип, кызматкерлерге программанын үстүндө иш алып баруудагы ийгиликтерди каалап өттү.
Мындан тышкаары иш-чарага мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Акыйкат (Омбудсмени) институтунун , ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, укук коргоо органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү «Алакан» программасына жана ЖАМК аткарып жаткан иштерине жогору баа берип, ийгиликтерди каалашты
ЖАМК соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды өркүндөтүүнүн, зомбулуктун алдын алуунун жана реабилитациялык программаларды киргизүүнүн үстүндө иштөөнү улантууда.
2024-жылы беш түзөтүү мекемесинде социалдык реабилитациялоо жана адаптациялоо борбору түзүлгөн. Азыркы учурда террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган соттолгондор, аялдар жана балдар, ошондой эле көз карандылыктан жапа чеккен жана суицидге жакын адамдар менен иштөө үчүн заманбап түзөтүү программалары иштелип чыгууда.
Чуйская область
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
Исправительное учреждение №2 |
Аламудунский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
Исправительное учреждение №3 |
Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25 |
0(550)45-40-05 |
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 |
0312 29-72-21 |
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
Колония-поселения №32 |
г. Бишкек, ул. Деповская 78 |
0312 45-75-32 |
Колония-поселения №38 |
г. Кемин, ул. Набережная 1 |
0(3135)5-00-35 |
Колония-поселения №45 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120 |
0(3131) 5-12-71 |
Воспитательная колония №14 |
Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1 |
0312 45-36-24 |
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
Следственный изолятор №50 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 |
0312 45-39-82 |