ЖАТтын кызматкерлери үчүн "Кыргыз Республикасындагы Пробация: укуктук жөнгө салуу"темасында тренинг өттү

2025-жылдын 14-15-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери үчүн маанилүү окуу тренинги болуп өттү. Иш-чара пробация маселесинин укуктук жөнгө салынышына арналган болуп, бул багыттагы адистердин билимин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду. Пробация – соттолгондорду кайра тарбиялоо жана шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууну камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.

Тренингге Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Бишкек шаарынан 60тан ашык ЖАМК кызматкерлери катышты. Катышуучулардын катарында тарбиялык кызматтардын, өкүмдөрдү аткаруу жана атайын каттоо кызматтарынын өкүлдөрү болду. Иш-чарада эл аралык стандарттарга жана пробацияны колдонуудагы заманбап ыкмаларга өзгөчө көңүл бурулду.

ЖАМКнын тарбиялык жана социалдык иштер боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Нурдин Бердикожоев жана БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БКБ) Кыргызстандагы эл аралык программалык менеджери Жорж Абаджян пробациянын укуктук жөнгө салуу маселелерине арналган талкууларга катышышты.

Тренингдин максаты – кызматкерлердин кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу жана Кыргызстандагы пробация системасынын укуктук негиздери боюнча билимди тереңдетүү болду. Адистер пробациянын тарыхын, анын жазык сот тутумундагы ордун жана улуттук мыйзамдар менен эл аралык укуктук актылар ортосундагы өз ара байланышты талкуулашты. Тренинг алкагында пробациянын түрлөрү – сотко чейинки, аткаруу баскычы, пенитенциардык жана постпенитенциардык пробациялар боюнча маалымат берилди.

Тренингдин машыктыруучулары болуп ЖАМК инспектору Шекербек кызы Айда жана ЖАМКнын Окуу борборунун адиси Кубанычбеков Айбек чыгышты. Иш-чарага юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыкова жана укуктук эксперт Тахмина Ашуралиева кеңешчи катары катышышты.

Бул тренинг Кыргызстанда пробация системасын өркүндөтүү, эл аралык стандарттарды киргизүү жана соттолгондор менен иштөөнүн эффективдүү моделин түзүү жолунда маанилүү кадам болуп саналат. Ал келечекте республикалык деңгээлде да өткөрүлүп, 2025-жылдын 22-23-май күндөрү Ош шаарында улантылат.

Иш-чара Европа Биримдиги менен БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан биргелешип ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы адилеттүүлүк секторун колдоо: Пробация жана адилеттүүлүк системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү» (Бардыгы үчүн адилеттүүлүк) долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

Аламудунский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №3

Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25

0(550)45-40-05

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1

0312 29-72-21

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Колония-поселения №32

г. Бишкек, ул. Деповская 78

 0312 45-75-32

Колония-поселения №38

г. Кемин, ул. Набережная 1

0(3135)5-00-35

Колония-поселения №45

Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120

 0(3131) 5-12-71

Воспитательная

колония №14

Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1

 0312 45-36-24

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

0312 59-08-14

Следственный

изолятор №50

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3

0312 45-39-82