ЖАМКнын №14 мекемесинде энелер күнүнө карата «Сагындым апа өзүңдү, жылмайган тунук жүзүңдү» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №14 мекемесинде, мекеме башчысынын демилгеси жана ЖАМКнын төрагасынын колдоосу менен, Энелер күнүнө арналган «Сагындым апа өзүңдү, жылмайган тунук жүзүңдү» аттуу өзгөчө майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара жазык-аткаруу тутумунун тарыхында алгачкы жолу уюштурулуп жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт.

Салтанаттуу иш-чарага ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев, Тарбиялык жана социалдык иштер башкы башкармалыгынын башчысы Нурдин Бердикожоев, Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидов жана Кара-Балта шаарынын башкы Имам Хатиби Нурдан Омуралиев катышып, майрамдык маанайга күбө болушту.

Өз сөзундө Нурлан Сарчаев «Бейиш — эненикин таманында» деген терең маанилүү накыл сөздү эске салуу менен, эненин үй-бүлөдө жана коомдо ээлеген өзгөчө ордун белгиледи. Ошондой эле, келечек муундун туура калыптанышы жана коомдун өнүгүшү энелердин саламаттыгы жана руханий күчүнө байланыштуу экендигин баса белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө мекемеде жазасын өтөп жаткан тарбиялануучулардын энелери атайын чакырылып, алар мекеменин ички тартиби жана шарттары менен таанышышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, обондуу ырлар, ыраазычылык сөздөр айтылып, эмоционалдуу маанай жаралды.

Бул иш-чара — жазык-аткаруу системасындагы тарбия ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты болуп эсептелет. Анын негизги максаттарынын бири — энелердин балдарына болгон ишенимин бекемдөө, ошондой эле жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин коомго ийгиликтүү кошууну көмөктөшүү.

Иш-чаранын максаты — тарбиялануучуларга эненин ыйыктыгын, түйшүктүү жана даңазалуу эмгегин терең түшүндүрүү, руханий жана моралдык тарбия берүү аркылуу алардын оң жолго түшүүсүнө шарт түзүү.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

Аламудунский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №3

Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25

0(550)45-40-05

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1

0312 29-72-21

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Колония-поселения №32

г. Бишкек, ул. Деповская 78

 0312 45-75-32

Колония-поселения №38

г. Кемин, ул. Набережная 1

0(3135)5-00-35

Колония-поселения №45

Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120

 0(3131) 5-12-71

Воспитательная

колония №14

Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1

 0312 45-36-24

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

0312 59-08-14

Следственный

изолятор №50

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3

0312 45-39-82