ЖАМКнын Окуу борборунун башчысы V Петербург пенитенциардык конференцияларына катышты

2025-жылдын 15–16-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Окуу борборунун башчысы Азамат Калыбеков Санкт-Петербург шаарындагы профильдүү университеттин беш жылдыгына арналган «Петербург пенитенциардык конференциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциялар комплексине  катышты.

Иш-чара Россия, КМШ өлкөлөрү жана Европа мамлекеттеринен келген пенитенциардык система, укук коргоо, билим берүү жана пробация жаатындагы алдыңкы адистерди бириктирди. Конференция учурунда катышуучулар жазык-аткаруу тутумунун учурдагы чакырыктарын талкуулашты жана ЖАТтын саясатын өнүктүрүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгышты.

15-майда өткөрүлгөн пленардык отурумда Азамат Калыбеков «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана өркүндөтүү: тажрыйба жана келечек» аттуу доклад менен сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал ЖАМКнын Окуу борборунун түзүлүшү жана негизги этаптары тууралуу кенен айтып маалымат берип, ошондой эле ЖАТтын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча системалуу мамилени маанилүү деп белгиледи. Кадрларды даярдоодо инновациялык окуу технологиялары жана эл аралык стандарттар колдонулуп жаткандыгына өзгөчө көңүл бурулду, бул кесиптик даярдыктын сапатын жогорулатууга жана кызматкерлерди заманбап талаптарга ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет.

16-майда өтүлгөн «Пробация институту: жаңыча ыкма же аны  киргизүү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда «Кыргыз Республикасында пробация институту» темасында доклад менен сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Азамат Калыбеков өлкөдө пробация институтунун түзүлүшү, анын мыйзамдык жөнгө салуусу жана Кыргызстанда бул системанын ишке киргизилүүсүнүн негизги этаптары тууралуу кенен баяндады. Пробациянын соттолгондордун кайра социалдаштыруу жана кылмыштуулуктун кайталануусун азайтуу багытындагы эффективдүү курал катары маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу ЖАМКнын Окуу борборунун башчысынын Петербург пенитенциардык конференцияларында катышуусу кесиптик диалогду бекемдөөнүн, эл аралык байланышты кеңейтүүнүн, ошондой эле Кыргызстандын ЖАТтын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга жана башка өлкөлөрдүн пенитенциардык мекемелери менен тажрыйба алмашууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүү кадамы болду.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

Аламудунский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №3

Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25

0(550)45-40-05

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1

0312 29-72-21

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Колония-поселения №32

г. Бишкек, ул. Деповская 78

 0312 45-75-32

Колония-поселения №38

г. Кемин, ул. Набережная 1

0(3135)5-00-35

Колония-поселения №45

Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120

 0(3131) 5-12-71

Воспитательная

колония №14

Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1

 0312 45-36-24

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

0312 59-08-14

Следственный

изолятор №50

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3

0312 45-39-82