2025-жылдын 23-май күнү Chess.com эл аралык платформасында Азия мамлекеттеринин соттолгондору арасында өткөн «Азия Кубогу» аттуу Континенталдык онлайн шахмат чемпионаты өткөрүлдү. Аталган турнирге Азиянын 56дан ашык өлкөсүнөн катышып, алардын катарында Кыргыз Республикасынын соттолгондор арасынан дагы курама командасы уюштурулуп, бул окуя соттолгондордун күнүмдүк жашоосунда маанилүү окуя болуп калды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз шахмат союзу менен өнөктөштүктө уюштурулган. Турнир швейцариялык система менен 7 турда өткөрүлүп, ар бир оюнчуга 10 мүнөт убакыт жана ар бир жүрүштөн кийин 5 секунд кошумча убакыт берилген.
ЖАМК аталган турнирде соттолгондордон турган 4 команданы дайындап, анын ичинде эркектер жана өспүрүмдөр мекемесинен келген катышуучуларды сунуштады. Ошондой эле, Кыргызстандын соттолгон аялдардан турган курама командасы мыкты жыйынтык көрсөтүшүп, Азия Кубогунда жалпы эсепте үчүнчү орунду ээледи. Бул ийгилик соттолгондордун интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, кайра социалдаштыруу программаларына жана мамлекеттик органдар менен спорттук уюмдардын биргеликте иш алпаруусун бекемдетүүгө өбөлгө түздү.
56 өлкөдөн турган командалардын катышуусу жана турнирдин жогорку деңгээлде өтүшү мындай иш-чаралардын тартипке келүүсүнө, аң-сезимдин өнүгүүсүнө жана өзүн-өзү өстүрүүгө умтулуу үчүн маанилүү экенин көрсөттү. ЖАМК Кыргыз шахмат союзуна катышуучуларды даярдоодогу жана турнирди ийгиликтүү уюштуруудагы жардамы үчүн терен ыраазычылыгын билдирет.
Чуйская область
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
Исправительное учреждение №2 |
Аламудунский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
Исправительное учреждение №3 |
Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25 |
0(550)45-40-05 |
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 |
0312 29-72-21 |
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
Колония-поселения №32 |
г. Бишкек, ул. Деповская 78 |
0312 45-75-32 |
Колония-поселения №38 |
г. Кемин, ул. Набережная 1 |
0(3135)5-00-35 |
Колония-поселения №45 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120 |
0(3131) 5-12-71 |
Воспитательная колония №14 |
Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1 |
0312 45-36-24 |
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
Следственный изолятор №50 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 |
0312 45-39-82 |