Аялдар абагында балдарды коргоо күнүнө карата соттолгон аялдардын балдары менен жолугушуусу өттү

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасында балдарды,улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле «Балдарабыз биздин келечегибиз!» аттуу айлык кампаниянын негизинде, 2025-жылдын 30-майында Чүй облусунун Степное айылында жайгашкан №2 түзөөтү мекемесинде «Менин үй-бүлөм - менин бакытым» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын өзгөчө маанилүү бөлүгү жазасын өтөп жаткан аялдардын балдары менен, анын ичинде балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан балдары менен жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуулар чыныгы руханий майрамга айланып, көптөн күткөн сагынычты таратуу, кубанычтын көз жаштары жана жылмаюулар менен коштолду. Аялдар балдары үчүн   жан дилинен чыккан мээрими, сагынычы жана келечекке болгон үмүтү менен концерттик программа даярдашты.

Иш-чарага аниматорлор, артистер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Жылуулукка жана чын жүрөктөн чыккан эмоцияларга толгон майрамдык атмосфера турмуштун татаал шарттарына карабастан, үй-бүлөлүк байланыштын маанилүү экенин эске салды.

Иш-чаранын негизги максаты энелер менен балдардын ортосундагы үй-бүлөлүк байланышты калыбына келтирүү жана бекемдөө, ошондой эле аялдардын коомго жуурулушуусуна шарт түзүү. Мындай иш-чаралар аялдардын үй-бүлөнүн маанисин терең түшүнүүгө өбөлгө болуп, өзүн өзгөртүүгө жана жашоого болгон көз карашын кайра карап чыгууга түрткү берет.

Ошондой эле, жазасын өтөп жаткан аялдарга жакындары менен кыска жана узак мөөнөттүү жолугушууларга мүмкүнчүлүк берилгенин белгилеп кетүү маанилүү. Бул алардын үй-бүлөлүк мамилелерин сактап калууга жана обочолонгон шартта психологиялык туруктуулукту камсыз кылууга жардам берет.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы камактагы адамдардын жашоо шарттарын жеңилдетүүгө жана үй-бүлө институтун чыңдоого багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз ишке ашырып келет. Соттолгондордун жана алардын балдарынын тагдырына кам көрүү ЖАМКнын социалдык жоопкерчилигинин ажырагыс бөлүгү бойдон калат.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

Аламудунский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №3

Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25

0(550)45-40-05

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1

0312 29-72-21

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Колония-поселения №32

г. Бишкек, ул. Деповская 78

 0312 45-75-32

Колония-поселения №38

г. Кемин, ул. Набережная 1

0(3135)5-00-35

Колония-поселения №45

Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120

 0(3131) 5-12-71

Воспитательная

колония №14

Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1

 0312 45-36-24

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

0312 59-08-14

Следственный

изолятор №50

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3

0312 45-39-82