2025-жылдын 31-май күнү Новопокровка айылынын тургундары жана ЖАМКнын кызматкерлери үчүн кубанычтуу жана маанилүү окуя орун алды — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №3 мекемесине караштуу №19 “Бактылуу балалык” аттуу бала бакчанын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага ЖАМКнын төрагасы Чынгыз Кожошев, анын орун басарлары, КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, ЖАМКнын ардагери Аскат Эгембердиев, Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы Курманбек Сокеев, мекеме башчылары, өздүк курам, ата-энелер жана жергиликтүү жашоочулар балдары менен катышышты.
Бул күн бала бакчанын тарбиялануучулары, ата-энелер жана мекеме кызматкерлери үчүн чыныгы майрам болуп, иш-чара жылуу маанайда жана кубанычтуу атмосферада өттү. Ачылыш аземинин алкагында коноктор бала бакчанын жаңы келбетин көрүп чыгышып, экскурсияга, балдардын катышуусундагы чакан маданий иш-чарага жана концерттик программага күбө болушту.
Ал өз сөзүндө Чынгыз Кожошев бул иш-чара балдардын келечеги үчүн жасалган маанилүү кадам экенин баса белгилеп, жаш муундардын өнүгүшүнө кошулган баалуу салым катары мүнөздөдү. «Балдар — бул биздин келечегибиз. Андыктан аларды ар тараптуу, руханий-адеп-ахлактык жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү — биздин башкы милдеттерибиздин бири», — деп белгиледи.
Мурун 30 балага гана ылайыкталса бул мекеме эми 175 орундуу болуп, заманбап жабдуулар жана шарттар менен толук камсыздалды. Жаңы форматтагы бала бакча эми ЖАМК кызматкерлеринин балдарынан сырткары, айылдын жашоочулары үчүн да жеткиликтүү болот.
Оңдоп-түзөө иштери учурунда имарат толук жаңыртылып, жылытуу системасы, санитардык-техникалык шарттар, уктоо жана оюн бөлмөлөрү, ашкана жана короо-чөйрөсү заманбап стандарттарга ылайыкташтырылды. Бул өз кезегинде балдар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана өнүгүүгө багытталган чөйрөнү түзүүгө шарт түзөт.
ЖАМК тарабынан ишке ашырылган бул долбоор коомчулук менен тыгыз кызматташтыкты өрчүтүүгө жана социалдык жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган.
Чуйская область
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
Исправительное учреждение №2 |
Аламудунский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
Исправительное учреждение №3 |
Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25 |
0(550)45-40-05 |
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 |
0312 29-72-21 |
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
Колония-поселения №32 |
г. Бишкек, ул. Деповская 78 |
0312 45-75-32 |
Колония-поселения №38 |
г. Кемин, ул. Набережная 1 |
0(3135)5-00-35 |
Колония-поселения №45 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120 |
0(3131) 5-12-71 |
Воспитательная колония №14 |
Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1 |
0312 45-36-24 |
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
Следственный изолятор №50 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 |
0312 45-39-82 |