Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине арналып уюштурулган кол кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери катышып, бири мыкты жыйынтык көрсөттү.
Мелдештин жыйынтыгында 70 кг салмак категориясында ЖАМКнын кызматкери Мухамбет Балыкчиев байгелүү үчүнчү орунду камсыз кылып, өзүнүн жогорку даярдыгын жана жеңишке болгон умтулуусун дагы бир ирет далилдеди.
Мухамбет Балыкчиев — ЖАМКнын атайын багыттагы бөлүгүнүн кызматкери, 20 жаштагы ички кызматынын кенже сержанты. Ал кызматтагы жоопкерчилигин мыкты аткаруу менен катар спорт жаатында да бир катар ийгиликтерге жетишип келет. Атап айтканда, жигитовка боюнча эл аралык деңгээлде биринчи орунду ээлеп, “Кыргызстандын мыкты каскадери” наамына татыган.
Белгилей кетсек, мындай жетишкендиктер ЖАМК кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгүн, бекем эркин жана ар тараптуу даярдыгын билдирет. Бул жеңиш жалпы кызматтын аброюн көтөрүп, жаш муунга дем берип, спортко болгон кызыгууну арттырат.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Мухамбет Балыкчиевди татыктуу жыйынтыгы менен куттуктап, алдыдагы мелдештерде дагы чоң жеңиштерди багындыруусун каалайт!
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0312 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0312 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
|
|
||