2026-жылдын 30-апрелинде Чүй облусунун Москва районунда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондор менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чарага Москва районунун Сот аткаруучулар бөлүмүнүн өкүлдөрү, Пробация бөлүмүнүн адистери жана Социалдык өнүктүрүү жана эмгек менен камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун негизги максаты — жаза мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыга турган жарандарды коомго ийгиликтүү кайтарууга көмөктөшүү, ошондой эле аларга укуктук жана социалдык багытта колдоо көрсөтүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга эмгекке орношуу, социалдык колдоо алуу, пробациялык көзөмөлдүн тартиби жана жарандык укуктар боюнча кеңири маалымат берилди. Соттолгондор өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү адистерден толук жана так жоопторду, практикалык кеңештерди алышты.
Мындай жолугушуулар жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, аларды коомго даярдоого жана кайталанма кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0312 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0312 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
|
|
||