ЖАМКда жабык мекемелерде зордук-зомбулук экстремизмине жана радикалдашууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча эки күндүк тренинг аяктады

ЖАМКда жабык мекемелерде зордук-зомбулук экстремизмине жана радикалдашууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча эки күндүк тренинг аяктады.

2026-жылдын 20–21-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын психологдору үчүн зордук-зомбулук экстремизмин жана терроризмге алып келген радикалдашууну алдын алуу багытында кесиптик көндүмдөрдү жогорулатууга арналган окутуу тренинги уюштурулду.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар тобокелдиктерди баалоонун заманбап ыкмаларын, радикалдуу идеялардын таасирине кабыл болгон адамдар менен иш алып баруу жана аларды коштоо боюнча практикалык ыкмаларды өздөштүрүштү. Ошондой эле эркинен ажыратуу жайларында экстремисттик идеологиянын жайылуу механизмдери талкууланды. Өзгөчө көңүл соттолгондор менен натыйжалуу коммуникация жүргүзүү, аларды реабилитациялоо жана коомго кайра интеграциялоо маселелерине бурулду.

Иш-чарага ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев катышып, жазык-аткаруу тутумунда профилактикалык иштерди системалуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тренер катары эл аралык эксперт - клиникалык жана юридикалык психолог, когнитивдик-жүрүм-турум терапиясынын психотерапевти Эвия Бурковска катышты.

Эки күндүк окуунун жыйынтыгында катышуучуларга квалификацияны жогорулатуу тууралуу сертификаттар тапшырылып, алардын тренингди ийгиликтүү аяктаганы жана жаңы кесиптик көндүмдөрдү өздөштүргөнү тастыкталды.

Мындай иш-чараларды өткөрүү адистердин кесиптик потенциалын чыңдоого жана пенитенциардык тутум мекемелеринде зордук-зомбулук экстремизмин жана радикалдашууну алдын алуу боюнча ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0312 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0312 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0312 59-08-14