2026-жылдын 21-22-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын делегациясы ЖАМКнын Окуу борборунун башчысы Азамат Калыбеков жана Окуу борборунун бөлүм башчысы Кылыч Кадыркулов болуп, «Петербург пенитенциардык конференциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциялар комплексине катышты.
Аталган ири эл аралык иш-чарага Россия Федерациясынан, КМШ өлкөлөрүнөн жана Европа мамлекеттеринен пенитенциардык система, адам укуктарын коргоо, билим берүү жана пробация тармагындагы алдыңкы эксперттер катышты. Конференциянын жүрүшүндө жаза-аткаруу тутумунун алдында турган заманбап чакырыктар талкууланып, жаза-аткаруу саясатын өркүндөтүү боюнча биргелешкен ыкмалар иштелип чыкты.
Пленардык жыйында ЖАМКнын Окуу борборунун башчысы Азамат Калыбеков куттоо сөз сүйлөп, эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн, алдыңкы тажрыйба алмашууну жана ар кайсы мамлекеттердин пенитенциардык мекемелеринин ортосундагы кесиптик өз ара байланышты чыңдоонун зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, конференциянын алкагында ЖАМК делегациясынын Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын Кадрлар башкармалыгынын башчысы Александр Федоров жана Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын Санкт-Петербург университетинин башчысы Александр Вотинов менен жумушчу жолугушуусу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаза-аткаруу тутуму үчүн кадрларды даярдоо жаатында тажрыйба алмашуу, эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү мекемелери менен пенитенциардык ведомстволордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ЖАМКнын Окуу борборунун делегациясынын «Петербург пенитенциардык конференцияларына» катышуусу эл аралык кесиптик диалогду өнүктүрүүгө, өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого жана жаза-аткаруу тутумунун ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө олуттуу салым болду.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0312 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0312 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
|
|
||