ЖАМКнын мекемелеринде Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Аталган иш-чаралардын негизги максаты соттолгондордун балдары менен болгон үй-бүлөлүк байланышын чыңдоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо, ошондой эле камкордукка жана көңүл бурууга муктаж балдарга социалдык жардам көрсөтүү болду.

№1 мекемеде соттолгондор үчүн балдары менен жолугушуу уюштурулду. Ата-энелер балдары менен жүзмө-жүз баарлашып, чогуу убакыт өткөрүп, аларга көңүл буруп, камкордугун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

№8 мекемеде соттолгондор менен алардын балдарынын ортосундагы социалдык байланыштарды калыбына келтирүү жана бекемдөө максатында майрамдык иш-чара уюштурулду. Балдар үчүн көңүл ачуучу программа даярдалып, социалдык колдоо көрсөтүлүп, белектер тапшырылды.

№16 жана №19 мекемелеринде «Атанын балага каты» жана «Майрамдык кат» аттуу тарбиялык акциялар өткөрүлдү. Соттолгон ата-энелер өз балдарына жакшы каалоо-тилектерин, насааттарын жана колдоо сөздөрүн камтыган каттарды жазышты. Мындай иш-чаралар ата-эне менен баланын ортосундагы эмоционалдык байланышты сактоого, жоопкерчилик сезимин өнүктүрүүгө жана үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт.

№19 мекеменин кызматкерлери ошондой эле бир катар кайрымдуулук жана майрамдык иш-чараларды уюштурушту. Алар психикалык өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар балдар үчүн атайын мектеп-интернатка барып, тарбиялануучуларды майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырып, концерттик программа тартуулашты. Мекеме жайгашкан аймактагы балдар үчүн оюндар, сынактар, ыр-бийлер камтылган көңүл ачуучу шоу-программа өткөрүлдү. Мындан тышкары, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган соттолгондордун балдары үчүн өзүнчө майрамдык иш-чара уюштурулуп, аларга белектер тапшырылып, музыкалык программа тартууланды.

№27 мекемеде соттолгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушуулары уюштурулду. Ата-энелерине кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү жолугушууга келген балдар жылуу жана достук маанайда убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Соттолгондордун 25 баласы үчүн аниматорлордун катышуусунда оюндарды, сынактарды, бийлерди жана чыгармачылык сабактарды камтыган майрамдык программа даярдалды. Өзгөчө кызыгууну балдардын ата-энелери менен биргеликте чыгармачылык иштерди жасаган арт-терапия сабагы жаратты. Иш-чаранын соңунда ар бир балага таттуу белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, мекеменин кызматкерлери Кант шаарындагы «Үмүт» балдарды патронаттык жана адаптациялоо борборуна барып, кайрымдуулук акциясынын алкагында тарбиялануучуларга чоң каркастуу бассейнди, ошондой эле жашылча-жемиштерди белек катары тапшырышты.

Мындай иш-чаралардын социалдык мааниси чоң. Алар үй-бүлөлүк байланыштарды сактоого жана чыңдоого, соттолгондордун өз балдарына болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга, ошондой эле алардын ийгиликтүү социалдык адаптациясына жана кайра социалдашуу процессине шарт түзөт. Бул күнү өзгөчө көңүл балдарга бурулуп, аларга кубанычтуу маанай, камкордук жана майрамдык маанай тартууланды.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мындан ары да үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоого, балдардын укуктарын коргоого жана пенитенциардык системанын гуманитардык багытын чыңдоого багытталган иш-чараларды ишке ашырууну улантат.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0312 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0312 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0312 59-08-14