Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу ЖАМКнын төрагасы Ч.Кожошев, иш сапарынын алкагында ЖАМКнын 16-мекемесине барды.
Жеринде мекеменин ишмердүүлүгүнө тиешелүү бир катар актуалдуу маселелер каралып, чечилди. Иш сапарынын алкагында, Чыңгыз Кожошев, соттолгондор менен маек учурунда, алар тараптан келген суроолорго жооп берди. Андан соң ал соттолгондорго кайрылып, кылмыштуу идеологиядан жана криминалдык мамилелерден баш тартуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, соттолгондорду мыйзамдуулукту жана мекеменин ички күн тартибинин талаптарын сактоого, бири-бирине, ошондой эле мекеменин кызматкерлерине жана мекемеге келген башка адамдарга үстөмдүк кылбай сылык сыпат жана сый мамиле кылууга чакырды. Ч.Кожошев, мамлекет жетекчилиги жана ЖАМК тарабынан соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу шарттарын жакшыртуу үчүн тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи.
Атап айтканда, соттолгондорду жумуш орун менен камсыз кылуу жана эмгек акы алуу мүмкүнчүлүктөрү түзүүлдү, жалпы жана кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү, спорт менен машыгуу шарттар бар, азык-түлүк, кийим жана медициналык камсыздоо багытында да көптөгөн жакшыртуулар болуп жаткандыгын белгиледи.
Өз кезегинде соттолгондор, мамлекет жетекчилигине жана ЖАМК жетекчилигине, колдоо көрсөтүп, кармоо шарттарын жакшыртууга, кесиптик окутууга, жумушка орноштурууга жана кайра социалдаштыруу, коомго кайтууга багытталган иш-чаралары үчүн ыраазычылык билдиришти. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча, мекеменин администрациясына, мекеменин ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртууга багытталган тийиштүү тапшырмалар берилди, жана соттолгондор тарабынан келип түшкөн маселелерди өз убагында өз компетенциясынын чегинде чечүүгө басым жасалды.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0312 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0312 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
|
|
||