Кыргыз Республикасын Министрлер Кабинетине караштуу ЖАМКнын №16 мекемесине, Кыргыз Республикасынын экс-муфтии, уламалар кенешинин мучосу Максатбек ажы Токтомушев соттолгондор менен жолугушуу уюштурулуп, соттолгондордун жашоо шарттары менен тааныштырылды
Иш-чаранын жүрүшүндө Ч. Кожошев Максатбек ажы Токтомушевге соттолгондордун жашоо шарттары менен тааныштырып, мекеменин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.
Жолугушуунун алкагында Максатбек ажы Токтомушев соттолгондор үчүн ыймандын негиздери боюнча лекция окуп, руханий баалуулуктар, адеп-ахлак, сабырдуулук жана мыйзамды сыйлоонун мааниси тууралуу кеңири баяндады. Ошондой эле туура жашоо жолун тандоо, жасалган каталарды аңдап-түшүнүү жана коомго пайдалуу инсан болуп калыптануу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
Жолугушуунун жүрүшүндө соттолгондор өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.
Өз кезегинде соттолгондор мекемеде түзүлүп берилген шарттар жана көрсөтүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр үчүн Өлкө жетекчилигине, ЖАМКнын төрагасы Чынгыз Кожошевге жана Максатбек ажы Токтомушевге, мекеменин кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти. Алар мындай жолугушуулар руханий жактан колдоо көрсөтүп, оң жолго түшүүгө жана келечекке болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Мындай иш-чаралар соттолгондордун руханий-адептик тарбиясын чыңдоого, алардын оңолушуна жана коомго ийгиликтүү кайра интеграцияланышына көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0312 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0312 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0312 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0312 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0312 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0312 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 45-16-05 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0312 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0(551)45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0312 59-08-14 |
|
|
||