ЖАМКнын № 2, 10, 16, 27 жана 31 мекемелеринин реабилитациялык борборлорунда «Үй-бүлөлүк зомбулук» темасында иш-чаралар өткөрүлдү

2026-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 2, 10, 16, 27 жана 31 мекемелеринин реабилитациялык борборлорунда соттолгондор үчүн «Үй-бүлөлүк зомбулук» темасында тарбиялык жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

 

Иш-чаралардын негизги максаты үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо, жакын адамдарга карата урмат-сый жана жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу, үй-бүлөдөгү зомбулуктун ар кандай түрлөрүнүн алдын алуу, ошондой эле чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.

 

Сабактардын жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк мамилелердин мааниси, өз ара түшүнүшүү, сабырдуулук жана жоопкерчилик тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле зомбулуктун терс кесепеттери, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана коомго тийгизген таасири талкууланып, көйгөйлөрдү конструктивдүү жол менен чечүүнүн ыкмалары каралды.

 

Мындай иш-чаралар соттолгондордун социалдык жоопкерчилигин жогорулатууга, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө жана коомго ийгиликтүү кайра интеграциялануусуна көмөк көрсөтөт. Ошондой эле үй-бүлө ар бир адам үчүн ишенимдин, колдоонун жана коопсуздуктун булагы болушу керектиги өзгөчө белгиленди.

 

ЖАМК тарабынан соттолгондор арасында тарбиялык жана профилактикалык иштер системалуу түрдө жүргүзүлүп, алардын мыйзамга баш ийген жүрүм-турумун жана коомдук баалуулуктарды урматтоосун калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0312 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0312 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0312 59-08-14