2026-жылдын 28–30-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында ЖАМКнын мекемелеринин психологдору, тарбиячылары жана отряд башчылары «Соттолгондорду реабилитациялоо: психоактивдүү заттарга көз каранды адамдар менен иштөө ыкмалары. Психологиялык аспектилер» аттуу тренингге катышты.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар баңгиликке көз карандылык менен иштөөдөгү заманбап ыкмаларды, пенитенциардык системада наркологиялык жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн, кардарга багытталган ыкманы, кайрадан көз карандылыкка кайтып кетүүнүн алдын алууну жана реабилитациянын психологиялык аспектилерин талкуулашты.
Ошондой эле соттолгондор менен иштөөдө колдонулуучу практикалык инструменттерге өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде терапиялык топторду өткөрүү, «Атлантис» программасы, «12 кадам» программасынын философиясы, кайрадан көз карандылыкка алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоо жана өзгөрүүгө болгон мотивацияны калыптандыруу маселелери каралды.
Окутуу интерактивдүү форматта өтүп, топтук көнүгүүлөр, ролдук оюндар, мээ чабуулдары, практикалык тапшырмалар жана талкуулар аркылуу жүргүзүлдү.
Тренингдин алкагында алынган билимдер жана практикалык көндүмдөр пенитенциардык системада реабилитациялык иштерди мындан ары өркүндөтүүгө жана кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||