Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана пенитенциардык тутумду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ЖАМКнын кызматкери, и/к полковниги Бердикожоев Нурдин Эмилбекович ардактуу эс алууга узатылды.
Бердикожоев Нурдин Эмилбекович, 1971-жылы Ош шаарында туулган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын аяктаган.
Эмгек жолун укук коргоо органдарында 1989-жылы баштап, жазык-аткаруу тутумуна 36 жылдык өмүрүн арнаган. Бул мезгил аралыгында пенитенциардык тутумда ар кандай жооптуу кызматтарды аркалап, өзүнүн кесипкөйлүгү, тактыгы жана ак ниет эмгеги менен айырмаланып келген. Акыркы жылдары ЖАМКнын “Нөөмөт бөлүмүнүн” башчысы кызматын аркалап келди.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Бердикожоев Нурдин Эмилбековичтин жубайы Джумабаева Токтоян Абжалбековнага «Мыкты айым» медалы менен сыйланды.
Кызмат өтөгөн мезгилде Бердикожоев Нурдин Эмилбекович өзүн жоопкерчиликтүү, принципиалдуу жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтүп, кесиптештеринин арасында чоң урмат-сыйга ээ болду. Анын көп жылдык эмгеги, жаш кызматкерлерге берген тажрыйбасы жана кызматка болгон берилгендиги өзгөчө белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө кесиптештери ага чың ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалап, өлкөнүн жазык-аткаруу тутумуна кошкон татыктуу салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||