Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №8, №16, №24, №27 жана №31 мекемелеринде кызмат өтөгөн контролер-кинолог кызматкерлери кызматтык иттери менен биргеликте атайын окуу курсунан өтүштү.
Окуу курсу 29-июндан тартып ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунда үч ай бою өткөрүлдү.
Квалификацияны жогорулатууга багытталган окуу учурунда кинолог кызматкерлер баңгизат каражаттарын, алардын аналогдорун жана имитаторлорун жыт аркылуу аныктоо жана издөө боюнча теориялык билимдерин өркүндөтүп, практикалык көндүмдөрүн бекемдешти.
Курстун жыйынтыктоочу этабында кинолог кызматкерлер кызматтык иттери менен бир катар атайын практикалык сыноолордон өтүштү. Сыноолордун жүрүшүндө кызматтык иттердин берилген жытты так аныктоосу, издөө жөндөмү жана кинологдун ит менен иштөө ыкмалары бааланды.
Окуу курсун ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.
Алынган жаңы билим жана практикалык тажрыйба ЖАМКнын мекемелеринде тыюу салынган заттардын киргизилишине жана мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу боюнча кызматтык милдеттерди сапаттуу аткарууга өбөлгө түзөт.
ЖАМК кинологиялык кызматты өркүндөтүү жана кызматтык иттердин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||