ЖАМКда Зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча глобалдык фонддун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

2026-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында (мындан ары — ЖАМК) ЖАМКнын төрагасынын орун басары Улан Жолдубаевдин Зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча глобалдык фондунун (GCERF) Борбордук Азия жана Балкан өлкөлөрү боюнча аймактык менеджери Джанлуижи Лопес жана GCERFтин Кыргыз Республикасындагы улуттук кеңешчиси Оксана Казыбековна Орозбаева менен расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын жыйынтыктарын жана зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу, соттолгондорду реабилитациялоо жана кайра социалдаштыруу багыттарында жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Улан Жолдубаев GCERF менен биргелешкен кызматташтыктын маанилүүлүгүн жана практикалык натыйжаларын белгилеп, анын пенитенциардык тутумду өнүктүрүүгө, ЖАМКнын кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатууга жана соттолгондор менен жүргүзүлүүчү психологиялык ишти өркүндөтүүгө кошкон салымына токтолду.

Кызматташтыктын алкагында 2025–2026-жылдары ЖАМКнын психологдору үчүн окутуу иш-чаралары өткөрүлүп, эл аралык тажрыйба алмашуу уюштурулган. Ошондой эле кесиптик ишмердүүлүктө жана соттолгондорду даярдоо процессинде колдонуу үчүн полиграф аппараты берилген. Мындан тышкары, ЖАМКнын №16 түзөтүү мекемесинде атайын жабдуулар менен камсыздалган заманбап ун тартуучу комплекс түзүлүп, бул мекеменин өндүрүштүк ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн.

Жолугушууда пенитенциардык психологиянын заманбап ыкмаларын киргизүү, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, соттолгондорду эмгекке тартууну өнүктүрүү жана ЖАМКнын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты. Ошондой эле ЖАМКнын мекемелерине практикалык жана техникалык колдоо көрсөтүү багытындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

 

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39