Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары — ЖАМКнын) Степное айылында жайгашкан № 2 аялдар түзөтүү мекемесинде кесиптик билим берүүнүн жаңы багыты — «Тырмак сервиси боюнча мастер» адистиги ачылды.
Ачылыш аземине ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Окуу курсу беш айга созулат. Алгачкы этапта аталган курска 13 соттолгон аял катышып, жаңы кесипти өздөштүрүү менен бирге келечекте эмгектенүү үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөргө ээ болушат.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен өз ара кызматташтыктын алкагында, «Ден соолук нуру» коомдук фондунун колдоосу менен ишке ашырылды.
Жаңы кесипти өздөштүрүү — бул жөн гана билим жана көндүм алуу эмес, жашоонун жаңы барагын ачууга, өз күчүнө болгон ишенимди арттырууга жана келечекке ишенимдүү кадам таштоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Кесиптик билим берүү — соттолгондорду кайра социалдаштыруу жана аларды коомго кайтууга даярдоо багытындагы ЖАМКнын ишинин маанилүү бөлүгү.
2025–2026-окуу жылында ЖАМКнын мекемелеринде 890 соттолгон адам эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон 15тен ашык кесип боюнча билим алышууда.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||