ЖАМКда коррупциянын алдын алуу жана кызматкерлердин адеп-ахлактык жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү

2026-жылдын 12–15-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) Чуй облусунда жайгашкан түзөтүү мекемелеринде кызматкерлердин руханий-адеп-ахлактык сапаттарын жогорулатууга, коррупциянын алдын алууга жана кызматтык жоопкерчиликти бекемдөөгө багытталган иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чараларга ЖАМКнын Ички иликтөө башкармалыгынын ички иликтөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн улук тескөөчүсү и/к подполковниги Ф.Д. Тойтуков, ЖАМКнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Б. Нишанбаев жана ардагерлер катышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө кызматкерлерге кызматтык этиканын талаптарын сактоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу жана ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле кызматкерлерге ЖАМКнын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарттары кеңири түшүндүрүлүп, кызматтык ишмердүүлүктө мыйзамдуулукту, калыстыкты, ак ниеттүүлүктү жана кызматтык этиканы сактоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан коррупцияга каршы өзүн-өзү текшерүү чек-барагы толтурулду. Бул иш коррупциялык тобокелдиктерди өз алдынча баалоого, кызматтык жүрүм-турумдагы мүмкүн болуучу кемчиликтерди аныктоого жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталды.

Жолугушууларда ЖАМКнын ардагерлери өздөрүнүн кызматтык тажрыйбалары менен бөлүшүп, жаш кызматкерлерди мекенчилдикке, тартиптүүлүккө, жоопкерчиликке жана кесиптик милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга үндөштү. Ошондой эле кызматкерлер арасында өз ара урмат-сыйды, кесиптик ынтымакты жана кызматтык абройду сактоонун мааниси белгиленди.

Аталган иш-чаралар ЖАМКнын кызматкерлеринин кесиптик жана адеп-ахлактык жоопкерчилигин жогорулатууга, коррупциянын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүүгө, кызматтык чөйрөдө мыйзамдуулукту жана ачыктык принциптерин бекемдөөгө багытталган.

 

 

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39