2026-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) № 16 мекемесинде жети мекеменин соттолгондору арасында «Спорт — ден соолуктун жана тартиптин булагы» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Иш-чара Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата уюштурулуп, соттолгондор арасында дене тарбиясын өнүктүрүүгө, тартипти бекемдөөгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана алардын коомго кайра аралашуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталды.
Мелдешке ЖАМКнын № 1, 8, 16, 19, 21, 27 жана 31 мекемелеринин командалары катышып, кичи футбол, гиря көтөрүү, турникке тартынуу жана аркан тартыш боюнча күч сынашты.
Иш-чарага ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев катышты. Ал өз сөзүндө спорттун адамдын жашоосундагы маанисин белгилеп, ден соолукту чыңдоодо, сергек жашоо образын калыптандырууда жана тартипти бекемдөөдө спорттун ролу чоң экенин баса белгиледи. Ошондой эле спорттук иш-чаралар соттолгондордун жоопкерчилигин, эркин жана командалык ынтымагын өнүктүрүүгө, алардын коомго ийгиликтүү кошулуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Мелдештин жыйынтыгында кичи футбол боюнча 1-орунду № 8 мекеменин командасы, 2-орунду № 16 мекеменин командасы, 3-орунду № 27 мекеменин командасы ээледи; гиря көтөрүү боюнча 1-орун № 31 мекемеге, 2-орун № 16 мекемеге, 3-орун № 19 мекемеге ыйгарылды; турникке тартынуу боюнча 1-орунду № 27 мекеменин өкүлдөрү, 2-орунду № 16 мекеменин өкүлдөрү, 3-орунду № 8 мекеменин өкүлдөрү камсыз кылышты; ал эми аркан тартыш боюнча 1-орунду № 19 мекеме, 2-орунду № 21 мекеме, 3-орунду № 31 мекеме ээледи.
Мелдештин жыйынтыгы менен айырмаланган соттолгондорго сыйлоо иретинде жакындары жана туугандары менен кошумча узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү жолугушууларды өткөрүүгө, ошондой эле кошумча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
ЖАМКнын мекемелеринде спорттук иш-чараларды өткөрүү соттолгондордун бош убактысын пайдалуу уюштурууга, физикалык жана психологиялык саламаттыгын чыңдоого, өз ара сый-урматты жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Спорт аркылуу тартипти, жоопкерчиликти жана өз ара колдоону калыптандыруу соттолгондорду кайра коомго кошууда маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||